Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө болгон укукту каттоо башкармалыгынын кызмат адамдарына карата кылмыш иши козголду

Сокулук районунун Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө болгон укукту каттоо башкармалыгынын кызмат адамдарына карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы бүгүн, 27-августта билдирди.

Маалыматка караганда, аталган башкармалыктын кызмат адамдары 2010-жылы Новопавловка айыл өкмөтүнө караштуу жер тилкесин жеке менчикке өткөрүп жиберишкен. Учурда ал аймакта мыйзамсыз курулуш иштери жүрүүдө.

Учурда “кызмат абалынан пайдалануу”, “кызматтык жасалмачылык”, “кызматтык укуктарынан аша чабуу” беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан