Өкмөт үйүндө биометрикалык жабдыктардын бет ачар иш-чарасы болду (фоторепортаж)

Бүгүн, 27-августта Өкмөт үйүндө биометрикалык жабдыктар коомчулукка көрсөтүлдү. Анда Мамлекеттик каттоо кызматынын төрайымынын орун басары Эльдияр Убалиев: “Биз ушул эң чоң иш-чараны ишке ашыруу алдында турабыз. Президенттин сентябрга чейин бул ишти баштоо боюнча талабы коюлган болчу. Буюрса, жабдыктар ишке даяр. Эртеңден баштап биометрикалык маалыматты бийлик башчылары тапшырышат”,- деди.   

Биометрикалык каттоодон бир жаран 10 мүнөттүн ичинде өтө алат. Маалым болгондой, биометрикалык жабдыктардын 10 пайызы Кыргызстанга алынып келинди. 20 пайызы ушул айдын аягына чейин алынып келиши керек болсо, 70 пайызы сентябрь айынын аягында келет.

Айта кетсек, КРнын Өкмөтү паспортту каалаган жарандарга 2015-жылдын июль айынан тарта таратып бере баштайт. Биометрикалык белгилерди бардык 16 жашка толгон кыргызстандыктар милдеттүү түрдө тапшырууга тийиш. Биометрикалык каттоо 2015-жылы боло турган парламенттик шайлоону ачык-айкын өткөрүүнү камсыздоого багытталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан