Өткөн сутка ичинде республика аймагында 28 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 27-августта билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында 4, Чүй облусунда 12, Ош облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 2, Баткен облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 4, Нарын облусунда 1, Талас облусунда 2, Ош шаарында 1 өрт кырсыгы катталган.
Сокулук районунун Арал айылында 3000 түк чөп күйгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.