Иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Бөдөш Мамырова менен Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитеттин төрагасы Каныбек Осмоналиев катышты. Алай районунун демилгечилери жыйындарга катышкан, билимин өркүндөтүүгө барган мугалимдердин чыгымын төлөп берүү, райондук билим берүү бөлүмдөрүндө усулчулардын штат бирдигин ачуу талаптарын айтышууда. «Ош облусунда эле эмес, өлкөнүн көпчүлүк аймактарында иштеген педагогикалык жамааттар мугалимдердин эмгек акысын инфляция деңгээлине жараша маал-маалы менен көтөрүп туруу маселелерин коюп жатат»,- дейт Каныбек Осмоналиев.