"Кетпейм сага жолукмайынча" аттуу ыры менен эл оозуна алынган ырчы Сагынычтын “Берекем”, көпчүлүккө “Эркелеп” аталышында таанылган ыры эми казак тилинде жаңырууда.
Анын бул ырын казак ырчысы Алмас Кишкенбаев которуп ырдап чыкты. Бул тууралуу Сагыныч менен келишимдин негизинде жаңыдан иштеше баштаган продюсери Канат Култаев SUPER.KG порталына бүгүн, 27-августта кабарлады. Маалым болгондой, Сагынычтын хит болгон бул ыры казак ырчысына жагып калып, ырдап чыгууну сураган.