1-сентябрь жумуш күнү болот. Тиешелүү токтомго КРнын Премьер-министри
Жоомарт Оторбаев кол койду.
Ага ылайык, 31-август – Эгемендүүлүк күнү дем алыш күнүнө туш келгендиктен, дем алыш күнү 5-сентябрга жылдырылды.
Айта кетсек, буга чейин КРнын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги 1-сентябрды дем алыш күнү деп белгилеген.