Индиянын Уттаракханд штатында 54 жаштагы айым өзүнө кол салган леопардды өлтүрүп, аман калды. Камла Деви аттуу айым жырткыч менен жарым сааттай алышып, айыл чарба шаймандарын колдонуу менен андан кутулууга аракет жасаган.
Ар түрдүү жаракат алган бейтап ооруканага жеткирилген. Денесинде леопарддын тиштегенинен калган жарааттарга, баш сөөгү жана бутунун сынганына карабай анын абалы азыр туруктуу. Бул тууралуу 27-августта чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Камла Деви каналдан суу алып жатканда бадалдардын арасынан чыгып кол салган. Ал колуна орок, күрөк алып жырткыч менен алыша баштаган. Жарым сааттын ичиндеги кармашта леопард өлгөн.
Индиянын жогоруда аталган аймагында буга чейин леопарддын адамдарга кол салып келгени белгилүү болгон.