
* Мындан 1 жыл мурун, 2013-жылы май-июнь айларындагы Жети-Өгүздөгү митингдин лидерлери болгон
Эрмек Жунушбаев менен
Бактияр Курмановдун "Кумтөр" ишканасынын өкүлүнөн 3 миллион доллар талап кылганы тартылган видеотасма жарыяланып, аларга карата кылмыш иши козголгон.

* Мындан 77 жыл мурун, 1937-жылы "Toyota" өз алдынча унаа чыгаруучу компаниясы япон улутундагы
Киитиро Тоёда тарабынан негизделген. Аталышын атасы Тоёданын ысымынан коюуну туура көргөн. Киитиро Тоёда эмгегин 1934-жылы "А" тибиндеги моторду чыгаруудан баштаган.

* Мындан 50 жыл мурун, 1964-жылы америкалык актёр, музыкант
Жек Блэк Калифорнияда төрөлгөн. "Tenacious D" рок-тобунун мүчөсү Жек Блэк актёр катары "Марс атакует!", "Враг государства", "Любовь зла", "Кинг-Конг", "Отпуск по обмену", "Путешествия Гулливера" тасмаларында роль жаратып, "Ледниковый период" мультфильминде Зик аттуу жолборстун, "Подводная братва" мультфильминде Ленни аттуу акуланын, ал эми "Кунг-фу панда" мультфильминин үч бөлүгүндө тең Мастер Понун образын жараткан.
* Мындан 2 жыл мурун, 2012-жылы Дагестандын Чиркей айылында өлкөдөгү мусулмандардын лидерлеринин бири шейх Саид афандинин үйүнө барган террорчу аял өзүн кошо жардырып жиберген. Аны менен кошо дагы 7 киши каза таап, 1 киши жаракат алган.