КРнын Конституциясынын 77-беренесинин 1-бөлүгүнө жана КРнын Жогорку Кеңешинин Регламентинин 34-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, V чакырылыштагы Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясынын иши 1-сентябрда башталат. Маалыматты бүгүн, 27-августта ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.
Айта кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттары сентябрдан баштап атайын чиптер менен добуш бере башташат. Бул депутаттардын мыйзамдарга добуш берүүдөгү процессин жакшыртууга багытталат.