Бюджеттин кирешесин көбөйтүү үчүн аукционго коюлган баалуу таштар 10 миллион сомго сатылды

Нефритти камтыган жаратылыш таштарын сатуу боюнча ачык аукцион жыйынтыкталды. Аукцион 25-июлда башталып, 25-августта жыйынтыкталган. Бул аралыкта 3 жеке жана юридикалык жактан 3 билдирме келип түшкөн. 
Натыйжада 10 миллион 118 356 сом өлчөмүндөгү эң жогорку бааны сунуштаган Кемелбек Норузбеков аукциондун жеңүүчүсү болду. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн толтуруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-июлундагы №271-б буйругу менен мамлекеттин кирешесине алынган нефритти камтыган 16 600 килограмм салмактагы жаратылыш таштарын алуу жана сатуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу комиссия түзүлгөн.
"Комиссия тарабынан көрсөтүлгөн жаратылыш таштарын сатуу боюнча ачык аукцион өткөрүү чечими кабыл алынып, старттык баа (8 618 653 сом) жана аукцион кадамы белгиленген" деп айтылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
zamir..
2014-08-27 17:28:39
бул бизде болдубу?сатыла элек ошол эле калды эле.аны сатып болушуп алыштыда чондор.эми каза баштайт сатып алгандар.А айткандай.сатыла эле даараткана калды.ошонуда саткыла.же уже сатып жибердинерби
+2
Dadin1
2014-08-27 17:36:21
zamir.., дааратканаларды тээ илгери эле сатышып, менчиктештирип алышкан.
0
Dadasdasd
2014-08-27 17:51:49
zamir.., Ортосунда шам кармап тургандай : бөлүшүп алды да : дейсинго. Казынага түз эле которгондур. Аны сактап эмне даарат канага колдонмок белең.
0
Aselya-345
2014-08-28 14:46:07
Dadasdasd, Эми казынага тушту деген гана созу болбосо ким билет акча кайда кеткенин? Деги Атамбаев бийликке келгенден бери баардыгын эле сатып анан карыз эле алып атат. Эртенки кунду эч ойлобойтко! Биздин мамлекеттибизиге кучтуу,акылдуу, ыймандуу жана бийликти башкарганды билген адам керек!!!Жаны адамдарга ото муктаж!
0
kursantbek
2014-08-27 18:14:30
ушунчалык еле жамандай Берген болбойт кыргызга кыргыз душман дегендей болотаат тур туз еле бюджетке тушотда каяка барат еле))))
0
Aselya-345
2014-08-28 14:47:55
kursantbek, бийликте отургандар казнанын акчасын жеп коюшкан да эми баалуу нерселерди саттып эптеп толуктайлы деп атат.
0
Dooron
2014-08-27 18:24:13
10мил сомду бир депутат эле жеп коюп атпайбы?! Дагы 119 депутатка табышыңар керек экен да.
+1
Aselya-345
2014-08-28 14:51:26
Dooron, тууура айтасын )))
0
raida
2014-08-27 18:38:15
sata elek tashybyz ele kaldy ele ?
0
kamarik
2014-08-27 21:54:47
машинанын налогунан чогулган акча 10 000 000 000 (10млрд) сом болот экен бюджетке кенен тушмок бирок ортодо......
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан