Кыргызстан менен Европалык өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Бүгүн, 27-августта экономика министри Темир Сариев Европалык өнүктүрүү банкынын Түркия, Румыния, Азербайжан жана Кыргызстан боюнча директору Эврен Дилекли, Европалык өнүктүрүү банкынын башчысы Лариса Манастырли менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы маалымдады.
Анда кыргыз өкмөтүнүн сырткы экономикалык, инвестициялык жана интеграциялык приоритеттери талкууланды. Министр өлкөдөгү маанилүү долбоорлорду колдоого алганы үчүн Европалык өнүктүрүү банкынын өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирди. 
Ишке ашырылып жаткан долбоорлордун катарында кичи шаарлардагы инфраструктураны жакшыртуу, чакан каржы ишканаларына көмөк көрсөтүүлөр бар. Европалык өнүктүрүү банкынын Түркия, Румыния, Азербайжан жана Кыргызстан боюнча директору Эврен Дилекли Кыргызстан менен кызматташууга даяр экенин кошумчалап өттү. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан