"Макмал алтын" ишканасынын кызматкеринен 100 миң сом талап кылган" деген шек менен уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

"Макмал алтын" ишканасынын кызматкеринен 100 миң сом талап кылган" деген шек менен уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кечээ, 27-августта билдирди.

Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 16-август күнү Ысык-Көл облусунун Бостери айылындагы пансионаттардын биринен жергиликтүү эки тургун “Макмал алтын” ишканасынын кызматкери Алмаз Намазбековдон 100 миң сом талап кылышкан. Ага макул болбогон кызматкерди сабашкан.

Бул боюнча “опузалап акча талап кылуу”, “бейбаштык” беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери башталган. Анын негизинде кылмышка шектүүлөрдүн бири, 1983-жылы туулган Руслан Дүйшеев кармалган. Ал 2009-жылы “адам өлтүрүү” беренеси боюнча сот жообуна тартылган болчу.

Кылмышка шектүүлөр буга чейин да жабырлануучуну коркутуп, 25 миң сом алып кетишкен. Бирок Намазбеков күч органдарына ал боюнча кайрылган эмес. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан