Кочкор районунда унаа 50 метр чуңкурга түшүп кетип, 22 жаштагы айдоочу каза тапты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 28-августта билдирди.
Маалыматка караганда, кечээ, 27-августта Бишкек – Торугарт унаа жолунун 213-чакырымында Ауди 100 унаасы 50 метр чуңкурга түшүп кеткен. Анын кесепетинен 22 жаштагы айдоочу каза тапкан. Окуя болгон жерге куткаруучулар барышып, каза болгон адамды унаадан чыгарышып, "Тез жардам" кызматкерлерине өткөрүп беришкен.