Каракол шаарында жол кырсыгы катталып, 4 адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 28-августта билдирди.
Маалыматка караганда, кечээ, 27-август күнү Каракол шаарынын Киров жана Алыбаков көчөлөрүнүн кесилишинде Фольксваген Пассат унаасы жол жээгинде токтоп турган Мерседес-Бенц унаасын сүзгөн. Натыйжада Фольксваген Пассат унаасы оодарылып, 4 жүргүнчү жабыркаган.