Социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев Чүй облусунун Сокулук районундагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн ачылган жыгач устакананын ачылышына катышты. Бул тууралуу 28-августта мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Устакананын ачылышында министр жаш майыптар бирикмесине майыптар арабасын тапшырды.
"Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын экономикалык жактан көз карандысыз болушуна шарт түзүү - жалпыбыздын милдетибиз",- деди Кудайберген Базарбаев.
Компьютердик классы бар жыгач устакана АКШнын Мамлекеттик департаменти жана Каутерпарт Косорциум фондунун колдоосунда ачылып, 24 адам жумуш менен камсыз болот.