Акыйкатчы Турсунбек Акун камактагы депутаттар Садыр Жапаров менен Талант Мамытовго жолугуп чыкты
Акыйкатчы Турсунбек Акун камактагы депутаттар Садыр Жапаров менен Талант Мамытовго жолугуп чыкты. Бул тууралуу акыйкатчынын аппаратынын маалымат кызматы билдирди. Маалым болгондой, акыйкатчы депутаттарды камакта кармоодогу шарт, депутаттардын ден соолугу жана алардын укуктарынын сакталышы менен таанышты. Жолугушууда Садыр Жапаров ден соолугу жайында экенин айтса, Талант Мамытов 2 айдан бери тынымсыз башы ооруп жатканын билдиргендигин айтат Акыйкатчы аппараты. Буга байланыштуу Турсунбек Акун депутат Талант Мамытовду дарылануудан өткөрүү боюнча УКМКнын жетекчилиги менен сүйлөшүп, 23-январда дарыгерлер депутаттын ден соолугуна текшерүү жүргүзмөй болушту.