Бишкекте "NANA" жана "MOVETOWN" топторунун экс солисти, америкалык ырчы Рэй Хортон жеке концертин берип, кыргыз жеринде клип тартат

9-сентябрда Бишкекте дүйнө жүзүнө атагы чыккан америкалык ырчы Рэй Хортон жеке концертин берет. 14-сентябрда Ысык-Көлдө уюштурулган Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданий иш-чарасында чыгармачылыгын тартуулайт. Эң башкысы, Кыргызстандын тарыхында чет элдик ырчы алгачкылардан болуп клип тартат. Тартуу процесси "Ала-Арча" эс алуу борборунда жана кыргыз бермети Ысык-Көлдө орун алат. Бул тууралуу уюштуруучу Ислам Сатаров 28-августта SUPER.KG порталына билдирди.

Рэй Европадагы эң романтикалуу ырчы катары таанымал. Бийик, таза жана мукам үнү менен музыка сүйүүчүлөрүнүн жүрөгүнөн түнөк таап, эл оозуна алынган музыкант Because I Love youI Cry жана Tell my Heart” деген ырлары менен 1999-жылы популярдуу боло баштаган. Ал эми “I Remember The Time”, “Because I Love You” жана “Hotel California” аттуу чыгармалары Батыш Европада жана Азия мамлекеттеринде сүйүп уккан ырлардын катарында. Чыгармачылык чыйыр жолу "NANA" жана "MOVETOWN" топторунун негизги солисти болуудан башталган. Көп кырдуу талант ээси болгон Рэй - ырчы, чыгармалардын автору жана продюсер. Ал Хулио Иглесиас, Крис Ри, Сара Конор, "Backstreet Boys", "N' Sync", "Fun Factory" топтору жана башка аткаруучулар менен иштеген. 

Ray Horton - Move Town - Girl you know it's true
Nana - Remember the time
Move Town - Europa Plus LIVE 2013
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
beast
2014-08-28 12:28:15
жакшы жакшы ийгилик силерге
0
edu.kg
2014-08-28 13:15:41
ооо аябай кубанычтамын ушундай атактуу жылдыздар коп коп келсе экен.
0
PATRIOT.KG84
2014-08-30 11:44:49
убагында NANAнын ырларын аябай укчу элем, Кыргызстанда эмесмин да болбосо барат элем
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан