Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
Жоомарт Оторбаев Бишкекке келген «Газпром» ачык акционердик коомунун башкармалык төрагасы
Алексей Миллер менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу 28-августта өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасындагы компаниянын ишмердүүлүгүнүн практикалык маселелерин, инвестициялык пландарды ишке ашыруу, ошондой эле күз-кыш мезгилине даярдык көрүүгө тийиштүү маселелерди талкуулады.