Астанада өткөрүлгөн “Балдар дүйнөнү тартат. Борбор Азия-2013-2014” ЮНЕСКОнун Эл аралык фестивалынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземине Казакстандагы Кыргызстандын элчилиги катышты. Бул тууралуу КРнын Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Казакстан Республикасы 1999-жылдан баштап ЮНЕСКОнун “Балдар дүйнөнү тартат” аттуу альбомдук сериясын чыгарып келет.
Фестивалдын алкагында Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан мамлекеттеринин 12-17 жашка чейинки 150 жаш сүрөтчүсү таланттарын көрсөтүштү.
Кыргызстандан кол өнөрчүлүк жана живопись боюнча 300 эмгек жиберилген. Кыргызстандан Астанга барышкан сүрөтчүлөр аталган фестивалдын дипломдору менен сыйланышты.