Бүгүн, 28-августта Түркиянын премьер-министрлик кызматына өлкөнүн мурдагы тышкы иштер министри Ахмет Давутоглу (сүрөттө) дайындалды. Маалыматка таянсак, Давутоглунун талапкерлиги кечээ "Адилеттүүлүк жана өнүгүү" партиясынын курултайында көрсөтүлүп, партия жактырды. Ал эми мурдагы премьер-министр Режеп Тайип Эрдогандын президенттик кызматка киришүү инаугурациясы өтүп жатат. Ал 10-августта жалпы шайлоочулардын 52 пайыз добушун алуу менен президент болуп шайланган болчу. Инаугурациядан соң анын ыйгарым укугу күчүнө кирет.
Айта кетсек, Түркиянын тарыхында биринчи ирет президент эл тарабынан шайланды.