Эртең, 29-августта Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда бирма боксу боюнча чемпиондук кур үчүн беттештер өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 28-августта өткөн маалымат жыйынында аталган спорт түрү боюнча федерациянын өкүлдөрү кабарлашты.
Маалыматка ылайык, анда Евразиянын жана Борбордук Азиянын чемпиондугу үчүн чемпиондук курлар ортого коюлат. Андан тышкары 3 рейтингдик беттеш орун алат.
Казакстандык мушкерлердин келбей калганына байланыштуу Борбордук Азиянын чемпиону наамын кыргызстандык мушкерлер талашат. “Кийин казакстандык мушкерлер келгенде биздин спортчуларыбыз чемпиондук курду сактап калуу аракетин көрүшөт”,- дейт федерациянын президенти Каныбек Бекбоев. Ал кошумчалагандай, Евразиянын чемпиондугу үчүн кыргызстандык Дастан Шаршеев менен орусиялык Сергей Котов 72 килограмм салмактык бөлүктө беттешишет. Мелдеш саат 18:00дө башталат.