Бүгүн, 28-августта интернет тармактарында дипломатиялык номурлуу унаанын жол эрежесин бузганы боюнча видео тарады. Анда Мерседес үлгүсүндөгү CMD 140 номурлуу унаа Бөкөнбаев көчөсүндө эки жолу жол чырактын кызыл жарыгы жанып турганына карабай өтүп кеткени көрсөтүлгөн.
Айрым маалыматтарга караганда, аталган унаа Тажикстандын элчилигине тиешелүү болгон.
Бул боюнча Бишкек ШИИББинин Жол-кайгуул кызматына кайрылганыбызда дипломатиялык номурлуу унааларга карата эч кандай чара көрө албастыгын жана протокол түзүлүп, Тышкы иштер министрлигине жөнөтүлөрүн билдирди.