Бишкекте таштандылар өз учурунда тазаланбаса, административдик чара колдонулат
Бишкек шаарынын көчөлөрүндө таштандылар өз учурунда чыгарылбай калса же таштанды салган урналар жакшы тазаланбаса, административдик чара колдонулат. Бул тууралуу Бишкектин Октябрь райондук администрациясы билдирди. Шаар тургундарынын таштандылар боюнча арыз-даттануулары болсо, шаардык 56-27-38 телефонуна чалып кайрылса болот. Мындан сырткары шаардыктар таштандыны урнага салбай, көчөгө таштап кеткен учурда да айып салынат.