Бишкекте жаш сүрөтчүлөрдүн “Ата Журт ар дайым жүрөгүмдө” аталышындагы көргөзмөсү ачылды (фоторепортаж)

Бүгүн, 28-августта Бишкектеги Г.Айтиев атындагы Улуттук көркөм өнөр музейинде Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө арналган “Ата Журт ар дайым жүрөгүмдө” аттуу көргөзмө ачылды.

Көргөзмөгө 20-45 жашка чейинки 70 сүрөтчүнүн живопись, графика, кол өнөрчүлүк, скульптура, керамика өңдүү 100гө жакын эмгектери коюлду. Алардын эмгектери Ю.Шыгаев, А.Байтереков, Т.Сыдыков, С.Шайназарова өңдүү сүрөт чеберлеринин көзөмөлүнөн өтүп коюлган.

Иш-чаранын уюштуруучулары: Аялдар конгресси, КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, Сүрөтчүлөр союзу. Белгилей кетсек, көргөзмө 16-сентябрга чейин уланат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан