Түркиянын 12-президенттигине шайланган Режеп Тайип Эрдогандын кызматына расмий киришүү аземине Кыргызстандан барган делегацияны жетектеп барган ЖК төрагасы Асылбек Жээнбеков 27-августта Түркия парламентинде болуп, өлкөнүн Улуу улуттук жыйынынын спикери Жемил Чичек менен жолугушту. Маалыматты ЖКнын басма сөз кызматы кабарлады.
Тараптар эки тараптуу кызматташтыктын маанилүү маселелерин жана парламенттик алакаларды арттыруу келечегин талкуулашты.
Жээнбеков бүгүн Эрдогандын инаугурация аземине катышып жатат.