Режиссёр Садык Шер-Нияз акындык айтыш өнөрү тууралуу тасма тартыла турганын билдирди

Бүгүн, 22-январда Маданият жана туризм министрлигинде айтыш, төкмөчүлүк өнөрүн ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине кыргыз жана казак элинин атынан каттатуу боюнча түзүлгөн жумушчу топтун жыйыны болду. Жыйынга катышкан белгилүү режиссёр, “Айтыш” коомдук фондунун төрагасы Садык Шер-Нияз “кыргыз менен казак элинин даанышмандыгы, акылмандыгы, ынтымагы чагылдырылган тасма тартышыбыз керек" деп билдирди. Төкмөчүлүк өнөр боюнча тасманы «Айтыш» коомдук фонду тартып бере турганын айтты режиссёр.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан