"Токмоктун тургунун зордуктоого аракет кылган" деген шек менен 30 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 28-августта билдирди.
Маалыматтарга караганда, 29 жаштагы айым үйүндө уктап жатканда белгисиз адам кирип келип, зордуктоого аракет кылган. Бирок айым кыйкырып жардам сурап баштаганда качып кеткен. Аталган кылмыштын бетин ачуу үчүн жүргүзүлгөн иш-аракеттердин натыйжасында кылмышка шектүү катары Кызыл-Арык айылынын 30 жаштагы тургуну кармалган. Учурда иликтөө иштери уланууда.