
* Мындан 1 жыл мурун, 2013-жылы экс-акыйкатчы
Турсунбек Акун Жогорку Кеңешти “акыйкатчылыкка талапкерлерге жарыялаган сынагы мыйзамга туура келбейт” деп Бишкек шаарындагы райондор аралык сотко берген.

* Мындан 99 жыл мурун, 1915-жылы швециялык жана америкалык актриса
Ингрид Бергмен Швециянын Стокгольм шаарында туулган. Актриса "Женщина по имени Голда", "Осенняя соната", "Убийство в "Восточном экспрессе", "Цветок кактуса", "Жанна д'Арк", "Газовый свет" ж.б. фильмдерге тартылып, үч жолу "Оскар", үч жолу "Давид ди Донателло", төрт ирет "Алтын глобус", эки жолу "Эмми" сыйлыктарына ээ болгон. 1973-жылдары актриса оор дартка кабылып, 9 жыл аны менен күрөшкөн соң, 1982-жылы өзүнүн туулган күнүндө, 29-августта 67 жаш курагында көз жумган.

* Мындан 56 жыл мурун, 1958-жылы америкалык ырчы, бийчи жана композитор, поп-музыканын падышасы
Майкл Жексон Гэри (Индиана штаты, АКШ) шаарында туулган. Поп-музыканын тарыхында эң ийгиликтүү ырчылардын сап башында турган Майкл Жексонду "поп-музыканын падышасы" деп аташкан. Ал 15 "Грэмми" жана башка жүздөгөн сыйлыктардын ээси болгон жана "Гиннесстин рекорддор китебине" 25 жолу кирген. Мисалы, 1985-жылы ырчынын "Thriller" деген альбому жарык көргөн. Ошол альбому 104 миллион диск менен чыгып, дүйнө жүзү боюнча эң көп нускалуу альбом катары "Гиннесстин рекорддор китебине" кирген. Майкл Жексон 2009-жылы 25-июнда 50 жаш курагында Лос-Анжелестеги үйүндө каза болгон. Поп-жылдыз ооруну сездирбөөчү дарыны ашыкча ичип алганы белгилүү болгон.