Тоң районунда жүк ташуучу унаа менен жеңил унаа сүзүшүп, 3 адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 29-августта билдирди. Маалыматтарга караганда, Көк-Мойнок айылында 28-август күнү 13:30 чамасында оор жүк ташуучу ХОВО жана Ниссан Примера автоунаалары кагылышып, натыйжада 3 адам ар кандай жаракат алышкан.
Кырсык болгон жерде КРнын ӨКМнын №19-адистештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары жабыркагандарды унаадан чыгарышып, "Тез жардам" кызматкерлерине өткөрүп беришкен.