Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 29-августта президенттик стипендия алган студенттерди куттуктап жатып “бизге жаңы Кыргызстан керек, жаштар, 5 жылдан кийин жаңы Кыргызстанды куруп баштайсыңар” деди.
Атамбаев жаштарды Кыргызстандын келечегин ойлоп, эл үчүн ак кызмат кылууга чакырды.
“Ачык айтайын, жаштар менен жолугушканда дем-күч алам. Кыргызстандын келечеги силерсиңер. Бизге жаңы Кыргызстан керек. Мен үмүттөнүп турам, силер 5-10 жылдан кийин жаңы Кыргызстанды куруп баштайсыңар”,- деди Атамбаев.