Бүгүн, 23-январда саат 9:00дөн 17:00ге чейин Аламүдүн районунун айрым айылдарында электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу “Түндүк электр” ААКнын басма сөз кызматы билдирди. Бул өчүрүү аталган райондун Берлик, Васильева жана Гроздь айылдарында болмокчу. Электр жарыгын мындай чектөө "Аламүдүн" көмөк чордонундагы оңдоо иштерине байланыштуу.