Асылбек Жээнбеков Түркиянын президентинин инаугурациясына катышып, аны менен эки тараптуу пикир алышты

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков 28-августта жаңыдан шайланган Түркиянын 12-президенти Режеп Тайип Эрдогандын кызматына расмий киришүү аземине катышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Түркиянын президенти менен баарлашуу учурунда Жээнбеков өз маектешин 2014-жылдын 10-августунда өткөн өлкө тарыхындагы биринчи жолку жалпы улуттук түз шайлоодо ишенимдүү жеңип чыгышы менен куттуктады. Тараптар эки тараптуу кызматташтык тууралуу пикир алышты.

Төрага ошондой эле Түркиянын экс-президентти Абдулла Гүл менен да жолугушуп, ага эки тараптуу мамилелерге кошкон жеке салымы үчүн ыраазычылык билдирди жана Кыргыз Республикасына келүүгө чакырды. 

Ошондой эле ал жакында Акыйкаттык жана өнүгүү башкаруучу саясий партиясынын лидерлигине шайланган жана Түркия Республикасынын Премьер-министри кызматына көрсөтүлгөн Ахмет Давутоглуну да куттуктады.

Айта кетсек, Түркиянын президентинин кызматына киришүүсүнө арналган иш-чарага дүйнө өлкөлөрүнүн 47 делегациясы катышып, алардын ичинде 11 делегация мамлекет башчыларынын, 14 делегация спикерлер менен премьер-министрлердин деңгээлинде болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан