2013-жылы Транспорт жана коммуникация министрлигине республикалык бюджеттен 1,8 миллиард сом керектелет. Бул тууралуу аталган министрликтин “2013-жылдын республикалык бюджети” тууралуу мыйзам долбоорунда белгиленген. Аталган суммадан жолдорду оңдоп-түзөө иштерине 1 миллиард 595,2 миллион сом, мекеме жана имараттарды оңдоо иштерине 1 миллиард 491,5 миллион сом, жарандык авиация департаментине 95,4 миллион сом, ал эми КРнын Президенти, премьер-министри жана ЖКнын төрагасынын аба каттамдары үчүн 60 миллион сом керектелет. Мындан сырткары Транспорт жана байланыш министрлигинин аппаратын тейлөө үчүн 122,8 миллион сом, ал эми 82 миллион сом Мамлекеттик “Кыргызаэронавигация” ишканасына, Мамлекеттик транспорт инспекциясына 25,6 миллион сом, Мамлекеттик фельгер кызматына 23,5 миллион сом, «Кыргызинтранс» эл аралык унаа ташуучу департаментине 14,6 миллион сом жумшалат.