Владимир Путин кыргызстандыктарды Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

КРнын Президенти Алмазбек Атамбаевдин дарегине Орусия Федерациясынын Президенти Владимир Путинден КРнын Көз карандысыздыгынын күнү менен куттуктаган телеграмма келип түштү.

Куттуктоонун текстинде:

“Урматтуу Алмазбек Шаршенович!

Сизди Кыргыз Республикасынын улуттук майрамы менен чын дилимден куттуктайм.

Орусияда достуктун жана өз ара урматтоонун көп кылымдык салттарына негизделген Кыргызстан менен стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелерди жогору баалашат. Конструктивдүү саясий диалогду кеңейтүү жана соода-экономикалык, энергетикалык, илимий-техникалык жана башка тармактарда эки тараптуу кызматташууну күчөтүүгө зор маани беребиз.

Кыргызстандын Евразиялык интеграциялык долбоорго кошулушу мамлекеттерибиздин ортосундагы көп пландуу байланыштарды мындан дагы чыңдап, регионалдык стабилдүүлүктү жана коопсуздукту камсыз кылуунун олуттуу фактору болуп калат деп ишенем.

Сизге чың ден соолук жана ийгиликтерди, ал эми республиканын жарандарына бакубатчылык жана гүлдөп-өнүгүү каалайм.

Урматтоо менен Владимир Путин”,- деп жазылган.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан