Асылбек Жээнбеков Өзбекстан парламентинин кош палатасынын төрагаларын өлкөнүн Көз карандысыздык күнү менен куттуктады

Жогорку Кеңештин спикери Асылбек Жээнбеков Өзбекстандын Көз карандысыздык күнүнө байланыштуу Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин мыйзам чыгаруу палатасынын спикери Дилорам Ташмухамедова менен Олий Мажлисинин сенатынын төрагасы Илгизар Собировго куттуктоо жолдоду. Бул тууралуу бүгүн, 29-августта Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Сиздерди улуттук майрамыңыздар болгон Өзбекстан Республикасынын Көз карандысыздык күнү менен чын дилимден куттуктайм. Биздин мамлекеттердин ортосундагы кошуналык мамилелердин бекемделишинин маанилүү бөлүгү парламенттер аралык байланыштарды мындан ары да өнүктүрүүдө көрүнөт. Сиздерге чың ден соолук, иштериңиздерге ийгилик, ал эми Өзбекстан Республикасынын элине бакубат турмуш жана өсүп-өнүгүү каалайм” деп белгиленет Жээнбековдун куттуктоосунда. 

Айта кетсек, Өзбекстан эли 1-сентябрда өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүн белгилейт.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан