Аламүдүн районунда адам өлтүрүү фактысынын бети ачылды

Аламүдүн районунда адам өлтүрүү фактысынын бети ачылды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 29-августта билдирди.

Маалыматка караганда, 19-август күнү Алтын-Казык жаңы конушунун жанындагы шаардык таштанды таштоочу жайдан европа улутундагы жашы 50-55 чамасындагы адамдын жансыз денеси табылган. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барышып, аталган жарандын киши колдуу болуп өлгөнүн аныкташкан. Аламүдүн райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкери бул кылмышка шектүү катары туруктуу жашаган жери жок 31 жаштагы жаранды кармашкан.

Учурда факты боюнча “адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Nuri-Alina
2014-08-29 14:25:45
дагы бир бай болсо башка улуттан болсо аны эчким суруштурбойт деп тынчытып таштап койгонда
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан