Бишкекте биринчи жолу белгилүү орусиялык сүрөтчү Андрей Колкутиндин көргөзмөсү ачылат

Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы Улуттук көркөм өнөр музейинде биринчи жолу белгилүү орусиялык сүрөтчү Андрей Колкутиндин колунан жаралган эмгектеринин коллекциясы тартууланат. Бул тууралуу аталган музейден бүгүн, 29-августта билдиришти.

Көргөзмөгө автордун жакынкы аралыктагы чыгармачылыгын чагылдырган 40 живопись жана 15 графикалык эмгек коюлат. Келген көрүүчүлөр сүрөтчү аркылуу күнүмдүк жашоонун жөнөкөйлүгүн көрө алышат.

Андрей Колкутин 1957-жылы туулган. Көркөм билимди Ленинграддын Сүрөтчүлөр академиясында алган. Анын эмгектери Орусиянын Третьяков мамлекеттик галереясында, Кабардин-Балкария мамлекеттик музейинде, Волгограддагы картиналык галереяда көрсөтүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан