Жакында Махмуд Кашгаринин “Түрк тилдеринин сөздүгү” аттуу эмгегинин кыргызча котормосунун экинчи варианты жарык көрдү. Бул тууралуу КРнын Улуттук илимдер академиясы бүгүн, 29-августта билдирди.
Махмуд Кашгаринин “Түрк тилдеринин сөздүгү” деген эмгеги жалпы түрк тилдүү элдердин маданий, илимий мурасы болуп саналат. Башка элдер бул эмгекти Казакстанда, Өзбекстанда, Түркияда, Кытайда, Азербайжанда керек болсо отуз жыл мурда которушкан. Качкынбай Артыкбаев өзүнүн эмгектеринде "Жусуп Баласагындын, Махмуд Кашгаринин мурастары кыргыздарга да тиешелүү" деп айтып келген. Жусуп Баласагындын “Кут алчу билим” аттуу эмгеги Төлөгөн Козубековдун көркөм котормосунда гана жарык көргөн. Ал эми Махмуд Кашгаринин “Түрк тилдеринин сөздүгүндөгү” легендалар, уламыштар, ырлар, айрым бир үзүндүлөр Качкынбай Артыкбаев, Жээналы Шериев агайлар аркылуу которулуп, жарыяланган. “Мен 2010-жылы Алматыга барганда Мухтар Ауэзов атындагы Адабият жана искусство институтунун директору, академик Сейит Каскабасов мага казак тилинде басылып чыккан Махмуд Кашгаринин “Түрк тилдеринин сөздүгүн”, Жусуп Баласагындын “Кут алчу билимин” көрсөтүп, бизде бул мурастардын кыргыз тилине которулгандыгы жөнүндө суроо салды. Мен “жок” дедим. Анан жолду катар ойлонуп, "Махмуд Кашгари, Жусуп Баласагын деген университеттерибиз бар, койгон эстеликтерибиз турат. Анан Жусуп Баласагын Токмокто, Махмуд Кашгарини Тоңдо туулду дейбиз, а эмне үчүн көркөм чыгармалары илимий жагынан бизге жетпейт?" деген ойдо түйшүктөнүп келдим. Жамаатты жыйнап, “Түрк тилдеринин сөздүгүнүн” илимий басылышын демилге кылдым. Демилгенин аркасында эки варианты даярдалды. 1-варианты 2011-2012-жылдарда Таалай Токоев, Кубат Кошмоков үч томдугун чыгарышты. Ал негизинен коомчулукка жетти. Быйыл болсо илимий басылыштагы варианты Т.Акматов, И.Абдувалиев, М.Толубаев, С.Султаналиевдин котормосундагы эки тому жарык көрдү. Ошондой эле Махмуд Кашгаринин дастандары, ырлары, легендалары өзүнчө китеп болуп чыкты. Муну биздин академиянын илимий, адабий жүзү катары бааласа болот”,- дейт академик А.Акматалиев.