Бүгүн, 29-августта саат 07:03тө кыргыз-тажик чек арасынын аймагында күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу КРнын Улуттук илимдер академиясына шилтеме берүү менен ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Тажикстан Республикасынын аймагында болуп, ал Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Чоң-Алай районунун Кара-Мык айылынан 55 чакырым түштүк-батыш тарапта, Баткен шаарынан 120 чакырым түштүк-чыгыш тарапта жайгашкан. Жер титирөөнүн күчү Кара-Мык, Кара-Тейит, Шибээ айылдарында 2-2,5 баллга сезилген. Алдын ала маалыматтар боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.