Кытай, Казакстан жана Өзбекстан башчылары кыргызстандыктарды Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Президент Алмазбек Атамбаевдин дарегине Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпинден, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевден жана Өзбекстан башчысы Ислам Каримовдон Кыргызстандын Көз карандысыздык күнү менен куттуктаган телеграмма келип түштү. Муну бүгүн, 29-августта президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирди.

Си Цзиньпиндин куттуктоосунун тексти:

“Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 23 жылдыгына карата КЭР Өкмөтү жана Кытай элинин атынан, ошондой эле жеке өзүмдүн атымдан Сизди жана Кыргызстан элин чын жүрөктөн куттуктап, эң жакшы каалоолорду жолдоого уруксат этиңиз.

Эгемендүүлүк алгандан берки 23 жыл ичинде кыргыз эли биргеликте каармандык менен эмгектенип, өз өлкөсүнүн ыңгайына жараша өнүгүү жолун издеп, өлкөнү куруунун бардык тармактарында чоң ийгиликтерге жетишти. Буга Кытай тарап дос, коңшу жана стратегиялык өнөктөш катары чын жүрөктөн кубанууда.

Кытай өкмөтү Кыргызстан менен болгон мамилелердин өнүгүшүнө зор көңүл бөлүп, стратегиялык өз ара ишенимди жана эки тарапка тең пайдалуу кызматташтыкты тынымсыз тереңдетүүгө кызыкдар. Үстүбүздөгү жылдын май айында Сиз Кытайга ийгиликтүү сапар жасадыңыз, бул эки тараптуу мамилелерге кошумча дем берди. Мен Сиз менен биргеликте биздин өлкөлөрдүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк мамилелерин тынымсыз жаңы деңгээлге көтөрүп турууга бардык күч-аракетти жумшоого даярмын.

Жакында Сиз экөөбүз ШКУга мүчө мамлекет башчыларынын Дүйшөмбүдөгү саммитине катышабыз. Бул ШКУнун быйылкы жылдагы эң маанилүү окуясы. Саммиттин ийгиликтүү өтүшүнө салым кошчу кыргыз жана кытай тараптын өз ара тыгыз аракеттенүүсүнө ишенем.

Сизге ден соолук жана ийгилик, ал эми дос Кыргызстан элине бакыт-таалай жана гүлдөп-өнүгүү каалайм”.

Назарбаевдин куттуктоосунун тексти:

Урматтуу Алмазбек Шаршенович!

Сизди Кыргыз Республикасынын Улуттук майрамы - Көз карандысыздык күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Казакстан боордош Кыргызстан менен ортодогу тең укуктуу, ошондой эле өз ара ишенимге негизделген карым-катнаштарга өзгөчө маани берет. Ага эки мамлекет ортосундагы кеңейип келе жаткан саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштар далил болуп эсептелет.

Элдерибиздин ортосундагы достук жана өз ара түшүнүшүүгө негизделген союздаштык карым-катнаштар келечекте элдерибиздин ийгиликтери үчүн өнүгө берерине толук ишенем.

Ушул ыңгайлуу учурдан пайдаланып, Сизге, урматтуу Алмазбек Шаршенович, чың ден соолук жана өтө жооптуу кызматыңызда ийгилик, ал эми боордош Кыргызстан калкына тынччылык жана өсүп-өнүгүү каалайм”. 

Ал эми өзбек лидеринин куттуктоо текстинде: 

Урматтуу Алмазбек Шаршенович!

Кыргыз Республикасынын улуттук майрамы – Көз карандысыздык күнүнө карата чын дилимден чыккан куттуктоолорумду кабыл алыңыз.

Өзбек-кыргыз мамилелери мындан ары да биздин өлкөлөрүбүздүн элдеринин кызыкчылыгында жакшы коңшулаштык, конструктивдүү кызматташуу жана эки тараптуу кызыкчылыктарды эске алуу принциптеринин негизинде ырааттуу өнүгө берерине ишенем.

Учурдан пайдаланып, Сизге, урматтуу Алмазбек Шаршенович, чың ден соолук жана көптөгөн ийгиликтерди, ал эми Кыргызстан элине тынчтык жана бакубатчылык каалайм" деп айтылат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан