Кыргыз-тажик өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйынында электр жарыгы, транспорт, чек ара маселеси талкууланды

Бишкекте эки тараптуу маселелердин жыйындысын кароо боюнча кыргыз-тажик өкмөт аралык комиссиясынын 13-жыйыны соңуна чыкты. Бул тууралуу 29-августта өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Жыйын Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиевдин жана Тажикстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары Азим Иброхимдин жетекчилиги астында өттү.

Анын ишине кыргыз жана тажик комиссия мүчөлөрү, ошондой эле чакырылган тармактык министрлик менен ведомстволордун жетекчилери, жооптуу кызматкерлери, өнөр жай ишкана жетекчилери катышты.

Комиссия 13-жыйындын күн тартибин макулдашып, тараптардын жетекчилери кол койгон протоколду дайындады.

Ошондой эле Кыргызстан менен Тажикстандын чектеш районунда керектөөчүлөрүн тийиштүү келишим түзүү жолу аркылуу электр менен ишенимдүү жана сапаттуу камсыздоо, керек болгон учурда 2015-жылы эки тарапты канааттандырган баада электр энергиясын өз ара сатуу боюнча «Барки Точик» ачык акционердик холдинг компаниясына жана “Электр станциялары” жана “Кыргызстан УЭС” компанияларына төмөнкү багыттарда кызматташуу жүргүзүүнү тапшырды.

Транспорт жаатындагы кызматташууну талкуулоодо тараптар эл аралык унаа менен жүк ташууну, ошондой эле тараптардын аймагы боюнча транзитти ишке ашыруудагы тоскоолдуктарды жоюу боюнча тийиштүү чараларды кабыл алуу ниетин билдирди.

Мындан тышкары Кыргызстан жана Тажикстан аралык Ош-Худжанд жана Худжанд-Ош жолу аркылуу унаа менен жүргүнчүлөрдү ташууну үзгүлтүксүз негизде уюштуруу мүмкүндүгүн кароону макулдашты.

Белгилей кетчү нерсе, тажик тарап 2004-жылдын 26-майында кыргыз-тажик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттары тууралуу өзгөртүү киргизүү тууралуу протокол долбооруна кол коюуну тездетүү сунушун кийирди, алсак, «Кара-Мык» өткөрүү пунктуна эл аралык макам берүү тууралуу сөз жүрүүдө. Кыргыз тарап тажик тараптын пикирин эске алды.

Чек ара боюнча кызматташууга тийиштүү комиссия кабыл алынган чечим жана макулдашууларды ишке ашыруу максатында тараптардын жергиликтүү бийлик органдарына түзүлгөн иштиктүү топтор алкагында калк арасында талаш маселелер боюнча түшүндүрүү ишин жүргүзүүнү тапшырды.

Тараптар ЖОЖдор жана орто окуу жайлары аралык студенттер менен алмашууну жүргүзүүнү, ошондой эле тараптар аймагындагы эл аралык иш-чараларда студенттер менен окутуучулардын катышуусун ишке ашырууну макулдашты.

Комиссия тийиштүү министрликтерге Тажикстандагы кыргыз тилдүү жана Кыргызстандагы тажик тилдүү мектептер үчүн окуу китептерин которууга укуктуу жоопкер жактардын тизмесин даярдоону тапшырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан