Кыргыз-казак чек арасынан 140 миң сомдук тамекини мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылгандар кармалды

Бүгүн, 29-августта Талас облусундагы кыргыз-казак чек арасынан 140 миң сомдук тамекини мыйзамсыз өткөрүүгө аракет кылгандар кармалышты. Мамлекеттик чек арадагы өткөрүү бекетинде Subaru Forester автоунаасы чек арачылар тарабынан текшерүүгө алынган. 

Натыйжада 14 коробка тамекинин блоктору табылган. Кыргызстандын эки жараны аны Казакстанга алып өтүүгө аракет кылышканы аныкталган. Тийиштүү документтер чогултулгандан кийин кармалгандар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилет. Бул тууралуу Чек ара кызматынын коом менен байланышуу бөлүмү билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан