Вице-премьер-министр Валерий Диль үч күндүк иш сапары менен Баткен облусунда жүрөт. Ал аймактын күз-кыш мезгилине даярдыгы, өнөр жай ишканаларынын абалы менен жеринен таанышат. Бул тууралуу 29-августта өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Алгач Кызыл-Кыядагы ЖЭБдин иши менен таанышып, "Түштүк-Кыргыз цемент" ишканасында болду. Андан кийин 1936-жылы ишке киргизилген Кадамжай сурьма комбинатына барды.
"Сурьманын жакшы сапаты жана зыяндуу кошулмалардын жоктугунан комбинаттын өндүрүшү дүйнөлүк рынокто жогору бааланат",- деди вице-премьер-министр.
Комбинаттын жетекчилигинин өкүлү Нурлан Кабтешов 2013-жылы 664,6 миллион сомдук продукция сатыкка чыкканын айтты.
"Чийки заттын жоктугуна байланыштуу бул жылы иш токтоп турат. Комбинат Кадамжай районунун бюджетинин 30 пайызын камсыздайт. Жабдууларды модернизациялоо үчүн 11 миллион сом каражат керек",- деп кошумчалады.