* Мындан 56 жыл мурун, 1958-жылы куудул Күмөндөр Абылов Нарын облусундагы Тянь-Шань районуна караштуу Учкун айылында туулган. Маданият тармагындагы жемиштүү жетишкендиктери үчүн 1981-жылы "Жылдын мыкты актёру", 1984-жылы Нарын облустук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамотасына, 1993-жылы "Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти" наамына ээ болгон.

* Мындан 48 жыл мурун, 1966-жылы бокс боюнча профессионалдар арасында Дүйнөнүн 7 жолку чемпиону, СССРдин спортуна эмгеги сиңген чебери, КРнын Эмгек сиңирген спортчусу, КРнын Бокс федерациясынын вице-президенти, 4-чакырылыштагы ЖКнын депутаты
Орзубек Назаров Кант шаарында туулган. Спорт сүйүүчүлөрү арасында 165 жолу рингге чыгып, 153 ирет жеңишке жетишкен. Профессионалдык рингде 28 беттеш өткөрүп, анын 27син уткан (23үн нокаут менен).

* Мындан 19 жыл мурун, 1995-жылы 5 күнгө созулган “Манас” эпосунун 1000 жылдыгын белгилөө салтанаты аяктаган. 1992-жылдын 20-июнунда “Манас” эпосунун 1000 жылдык мааракесин белгилөө жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президенти А.Акаевдин жарлыгы чыккан. Аталган маараке Кыргызстанды дүйнөлүк коомчулукка дагы бир жолу тааныткан. Тойдогу азем салтанаттын башкы режиссёрлук милдетин кыргыз элинин чыгаан инсаны Болот Шамшиев аткарып, сценарийин белгилүү драматург Бексултан Жакиев жазган.

* Мындан 11 жыл мурун, 2003-жылы борбор шаардын "Ала-Тоо" аянтында Кыргызстандын эркиндигин даңазалаган “Эркиндик” эстелиги ачылган. “Эркиндик” 1999-жылы скульптор Тургунбай Садыков тарабынан жасалып, эгемендүүлүктүн 12 жылдыгына, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына арналып, 2003-жылы Лениндин эстелигинин ордуна коюлган. Ал коюлган күндөн тартып талаш-тартышты жаратып, "Эркиндик" эстелиги 2011-жылы 28-июлда алынган.

* Мындан 60 жыл мурун, 1954-жылы “Европанын акыркы диктатору” аталган Беларусь президенти
Александр Лукашенко Витебск областындагы Копысь кыштагында туулган. 1975-жылы пединституттан тарых мугалими адистигин алган. Александр Лукашенко 1994-жылы президенттик тактыга келген.

* Мындан 2 жыл мурун, 2012-жылы советтик жана орусиялык театр, кино актёру, режиссёр, телеалпаруучу, Орусиянын Эл артисти
Игорь Кваша саат 17:00 чамасында Москвадагы ооруканалардын биринде жүрөгү токтоп, 79 жашында каза тапкан.