
* Мындан 23 жыл мурун, 1991-жылы Кыргызстан Эгемендүүлүк күнүн жарыялаган. Республиканын Жогорку Кеңеши 1990-жылдын октябрь айында өлкөнүн аталышын Кыргыз ССРинен Кыргыз Республикасына өзгөртүп, 1990-жылдын 15-декабрында республиканын "Эгемендик декларациясын" кабыл алган.

* Мындан 47 жыл мурун, 1967-жылы ички иштер министринин түштүк аймагы боюнча орун басары, генерал-майор
Курсан Асанов Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айылында төрөлгөн. 2010-жылдын 10-июнь күнү Ош шаарында улуттук кагылышуу жүз берип, Курсан Асанов оперативдик кырдаалды жакшы билген адис катары 2010-жылдын 12-июнь күнү Ош шаарына комендант жана Ош ШИИБинин жетекчиси болуп дайындалган. Ал кызматта 2011-жылдын апрель айына чейин отуруп, андан соң ички иштер министринин түштүк аймагы боюнча орун басары болуп дайындалган. Курсан Асанов 2010-жылы “Супер-Инфо” гезитинин версиясы боюнча “Жылдын адамы” деп табылган.

* Мындан 2 жыл мурун, 2012-жылы социалдык өнүктүрүү министринин мурдагы орун басары
Гүлнара Дербишева “7 миң доллар пара алды” деп шектелип, УКМК тарабынан кармалган. Ага карата кылмыш иши козголуп, ал чет элдик бала асырап алуучу компаниялар менен келишим түзүү иштериндеги коррупциялык аракеттери үчүн айыпталган. Ал эми 2014-жылы 16-апрелде Гүлнара Дербишева Биринчи Май райондук соту тарабынан 5 жылга эркинен ажыратылып, бирок анын эң кичүү баласы 10 жашта болгондугуна байланыштуу жаза мөөнөтүн 4 жылдан кийин өтөмөй болгон.

* Мындан 17 жыл мурун, 1997-жылы Уэльстин тактысына мураскер, ханбийке
Диана 36 жашында автокырсыктан каза болгон. 1-8-сентябрь аралыгында Букингем, Сент-Жеймс жана Кенсингтон сарайларында Диананын элесине арналып жалпы салмагы 10-15 тоннага жете турган 5 миллион гүлчамбар коюлган. Гүлдөр каргашалуу кабар тарагандан тарта эле алынып келине баштаган. Сент-Жеймс сарайында эле көңүл айтуулар жазылган китептердин саны 43кө жеткен.

* Мындан 1 жыл мурун, 2013-жылы Казакстандын Алматы шаарындагы "Прайм-Плаза" соода борборунда орун алган концертте
Кайрат Нуртас ырдабай кетип калып, массалык баш аламандык чыккан. Анын натыйжасында 3 адам оор жаракат алып, 7 полиция кызматкери ооруканага кайрылган. Абал турукташкан соң кылмышка шектүү катары 165 адам кармалган. Тополоңчулар участкалык полиция кызматкеринин автоунаасын, жайкы кафелердин бирин өрттөшкөн. 11 кызматтык, 1 жеке жана 2 өрт өчүрүүчү унаа талкаланган.