Жылнаама, 1-сентябрь: Мындан 10 жыл мурун Түндүк Осетиянын Беслан шаарындагы мектепти террорчулар басып алышкан

* Мындан 30 жыл мурун, 1984-жылы СССРде 1-сентябрь Билим күнү деп расмий түрдө бекитилген. Бул күн мамлекеттик статус ала электе жөн эле окуу күнү болуп, салтанаттуу линейкадан соң кадимки сабактар өткөрүлгөн.

* Мындан 61 жыл мурун, 1953-жылы ЖКнын экс-депутаты Жыргалбек Сурабалдиев Сокулук районунун Асылбаш айылында туулган. 2005-жылы 10-июнда саат 13:00 чамасында Бишкекте Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Сурабалдиевге кол салуу болуп, ал атылган октон каза болгон. Депутатты Бишкектин чок ортосунда жайгашкан Орус драма театры, "Илим" борбору жана Жантөшев атындагы китепкана орун алган маданий борбордун жанынан атып кетишкен.
* Мындан 2 жыл мурун, 2012-жылы Алмазбек Атамбаев Кытайдын чакыруусу менен Үрүмчү шаарына барып, Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолу менен Ош–Баткен–Исфана автожолунун курулушун Кытайдын өкмөт башчысы Вэнь Цзябао менен талкуулап кайткан.
* Мындан 45 жыл мурун, 1969-жылы Ливияда аскердик төңкөрүш болуп, бийлик башына Муаммар Каддафи келген. Ал өлкөнүн башында 2011-жылга чейин турган. Ал эми 2011-жылдын 20-октябрында Ливиянын мамлекет башчысы, аскердик ишмери Муаммар Каддафи Өткөөл улуттук кеңештин күчтөрү тарабынан колго түшүрүлүп, өлтүрүлгөн.
* Мындан 10 жыл мурун, 2004-жылы Түндүк Осетиянын Беслан шаарындагы мектепти террорчулар басып алышкан. Алар үч күн бою мектеп окуучулары менен ата-энелерин, бардыгы болуп 1200дөй кишини барымтада кармап турушкан. 3 күндөн кийин күч органдары барымтадагыларды бошотуу операциясын уюштуруп, мектепке чабуул жасап, террорчулар жок кылынган. Бирок андан 336 адам, алардын ичинен 186 мектеп окуучусу набыт болгон.
1-сентябрда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
begusia
2014-09-01 08:05:14
Бесланда каза болгондордун жаткан жери жаннаттан болсун,наристе бойунча кеткен балдарга азыр дагы ичим ачышып турат...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан