Кемин районунда "өзүнүн эки уулун муунтуп өлтүрдү" деп шектелген Ольга аттуу аял кармалды

Кемин районунда "өзүнүн эки уулун муунтуп өлтүрдү" деген шек менен Орловка айылынын 28 жаштагы тургуну Т.Ольга кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 30-августта маалымат булактары кабарлашты. Маалыматка ылайык, окуя 29-август күнү катталган. Милиция кызматкерлери Биринчи Май көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринен 7 жана 3 жаштагы балдардын жансыз денесин табышкан. Милицияга балдардын таенеси билдиргендей, аларды өз энеси муунтуп өлтүргөн. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат. Бирок Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы менен байланышканыбызда мындай маалыматтын келип түшпөгөнүн айтышты. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
aziko88
2014-08-30 15:04:18
Астагфир Алла не деген заман.
0
Ganibal87
2014-08-30 16:12:32
Алла талла озу берет жазасын
+2
Desmond
2014-08-30 18:06:46
Акыр заманикелиптир да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан