Кечээ, 29-август күнү болжол менен 21:00дө Бишкекте белгисиз айдоочу жөө жүрүүчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Жабыр тарткан 40 жаштагы аял ошол жерден жан берген, анын жанындагы 2 жаштагы кыз ооруканага жеткирилген. Бул тууралуу бүгүн, 30-августта Бишкек шаардык жол-кайгуул кызматынан кабарлашты.
Көп өтпөй бул кылмышка шектелип 25 жаштагы Т.Чыңгыз аттуу жаран кармалды. Ал айдап жүргөн Ниссан Цефиро автоунаасы айып жайга токтотулду. Жол кырсыгы боюнча тиешелүү материалдар топтолуп, тергөө бөлүмүнө жөнөтүлдү.