Польшанын президенти Бронислав Коморовски президент Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Польша Республикасынын Президенти Бронислав Коморовски Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирди. 

Куттуктоонун тексти:

“Урматтуу Алмазбек Шаршенович!

Эгемендүүлүк күнүнө карата Польша элинин жана өзүмдүн атымдан Сизге жана Кыргыз Республикасынын бардык жарандарына эң жакшы каалоолорумду билдирем.

Польша Республикасы Кыргыз Республикасы менен эки тараптуу мамилелердин ийгиликтүү өнүгүп жатканын баалайт.

Президент мырза, Сизге Кыргызстандын демократиялык саясий системин бекемдөөдө ийгиликтерди, өлкөңүзгө жана анын элине бардык жакшылыктарды каалайм”.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан