Украинанын президенти Пётр Порошенко КРнын Президенти Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирди.
Куттуктоонун тексти:
“Урматтуу Алмазбек Шаршенович!
Украина элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан Кыргыз Республикасынын улуттук майрамы – Эгемендүүлүк күнү менен чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорду кабыл алыңыз.
Өлкөлөрүбүздүн ортосунда түзүлгөн достук мамилелер Украина менен Кыргызстан жарандарынын жыргалчылыгы үчүн ырааттуу өнүгө берерине ишенем.
Жагдайдан пайдаланып, Сизге, урматтуу Алмазбек Шаршенович, түгөнбөс күч-кубат жана жооптуу ишиңизде жаңы ийгиликтерди, ал эми достошкон кыргыз элине жакшылыктарды жана бакубатчылык каалайм”.